www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 35 миң кыргызстандык бар

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы миграциялык кызматташтыкты жөнгө салган макулдашуу талкууланды.

Жыйында баяндама жасап жаткан Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 35 миң кыргызстандык бар экенин билдирди. Муну менен катар сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу эки өлкө ортосундагы миграциялык маселелерди биргелешип чечүү, маалыматтарды алмашуу каралганын маалымдады.

Өз кезегинде Аалы Карашев: «Өз ишиңерге гана ыңгайлуу сунуштарды көтөрүп келип жатасыңар. Тескерисинче, ошол жактагы мекендештерибиздин жашоосун жеңилдеткен келишимдерди алып келишиңер керек болчу. Бул мыйзамдын ошол жерде иштеп жүргөн жарандарга кандай пайдасы бар? Анткени алардын чек арадан өтүү маселеси, каттоого туруу көйгөйлөрү өтө көп», — деп кошумчалады.

Ал эми депутат Рада Туманбаева 35 миң мекендешибиз жашаган Казакстанга Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүн да ачуу керектигин белгиледи.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости