www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө экономикасын көтөрүү үчүн коррупцияны жоюп, кен байлыктар чыккан жерлерди өзүбүз иштетишибиз керек, деп билдирди «Россия 24» телеканалына берген маегинде президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров.

Анын айтуусуна караганда, алгачкы жыйынтыктар бар.

«Мисал катары айтсам, май айында бажы төлөмдөрүн чогултуудан бюджетке 1,5 млрд сом түшсө, ноябрда 3,7 млрд сом түшкөн. Экономиканы көтөрүү үчүн өзүбүздүн ички ресурстарды колдонуу керек. Жаратылыш ресурстарын өзүбүз иштетишибиз керек.

Мен учурда ревизия жасап көрдүм, дээрлик кендердин 95-96 пайызы жеке компаниялар тарабынан иштетилип, мамлекеттик бир пайыз да үлүшү жок экен. Ошондуктан, мамлекет өзү 100% жаратылыш байлыктарын иштетип, экономикабызды көтөрөбүз», - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости