www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдокматов: “Садыр Жапаров кызматка чакырса барбайм”

Садыр Жапаров Жеңиш Молдокматовду  кызматка чакырса барбай турганын саясатчы өзү “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Мени Садыр Жапаров кызматка чакырса барбайм. Бир нече  шарттар бар, ошолор аткарылса ойлонуп көрөм. Себеби азыр Баш мыйзам даярдалып жатат. Азыр мени конституция ойлондуруп жатат. Кандай жазылып жатканын билбейбиз. Бир гана адамдын башкаруусунда болсо анда барбайм. Эң алгач мамлекет укуктук талаага келиш керек. Биз бийликтин баарын бир адамдын колуна өткөрүп берип, бир адам эле элдин жана мамлекеттин тагдырын чече турган болсо жаман. Эгер Баш мыйзам бир адамдын башкаруусуна багытталган болсо анда Садыр жапаров менен  ишеше албайм. Мен бир адамга кызмат кылган адам эмесмин.

Ал эми Садыр Жапаров экөөбүздүн ортобуздагы сөздөр боюнча ар биринин чындыгы бар. Мен жөн эле айтып чыккан жокмун. Кайсы бир убакта чындык ачыкталат. Тарых  таразалайт. Бир адам бийликке келгени менен анын кеткен күнү дагы бар”, - дейт саясатчы.

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости