www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча билдирүү жасап, аларды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырды. Ал бул тууралуу пикирин 4-январда “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” кабарлады.
Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууга барарын” да кошумчалады.
Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.
Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетип жатат. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. Ал боюнча расмий маалымат бериле элек.
Булак: NazarNews.kg