www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда бир нече университтер жабылды

Казакстандын бир нече жогорку окуу жайларына берилген лицензиялар токтотулду. Айрым жогорку окуу жайлары сот жообуна тартылганы айтылууда. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Лицензиялардын колдонулушун токтотуу, аларды кайрадан экспертизадан өткөрүү учурунда билим берүү мыйзамдарынын бузулушунан келип чыккан.

Алматы университети, “Кайнар” академиясы, Алматы экономика жана статистика академиясы, А.Куатбеков атындагы Элдердин достугу университети, Эл аралык “Silkway” университети тарабынан бир нече жолу жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында билим берүү жаатындагы мыйзамдар бузулгандыгы аныкталды.

Билим берүү жана илим жаатындагы сапатты камсыздоо боюнча комитети “Алматы” университетинин, “Кайнар” академиясынын, “Алматы” экономика жана статистика академиясынын, А.Куатбеков атындагы Элдердин достугу университетинин лицензияларын токтоткону белгиленди.

Ошондой эле,  “Кайнар” академия менен “Silkway” эл аралык университетинин иликтөөсүнүн жыйынтыгына нааразычылыктар келип түшкөндүктөн, тергөөнүн жыйынтыгы сотто каралып жатканы айтылууда. Сот процесстери аяктагандан кийин тиешелүү чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, М.Х.Дулати атындагы Тараз аймактык университетинде "укук" (бакалавр) адистигине лицензия алуу үчүн арыз токтотулду.

Министрлик абитуриенттерге 2020-2021-окуу жылына карата билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиялары мыйзамга ылайык токтотулуп калса, билим берүү мекемелерине кире албай тургандыктарын маалымдады.

Ахрорбек Хайруллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости