www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиз билбеген кызыктар...

Кара роза дүйнө жүзү боюнча бир гана Түркиянын Шанлыурфа аймагындагы Халфети жергесинде өсөт. Үзгөн учурда түсү кызылга айланып, жыты жоголот.

Мейиз жегенди токтотпоңуз. Анткени, мейиз акыл-эсти арттырып, чарчоону басаңдатат.

Алманын уйкуну ачуу артыкчылыгы кофеден басымдуу. Ошондой эле тиш үчүн эң пайдалуу азык. Жүрөк жана кан-тамыр ооруларынын алдын алат.

Адамдардын 87%ы эртеси күн эрте турбашын билгенде дагы да позитивдүү болуп, адамдарга болгон мамилеси жакшырат.

Тамактанаардан мурда дарбыз жесеңиз, ашказан оорусун алдын алган болосуз. Дарбыз суусу ашказанды жууп, бардык микробдордон тазалайт.

Боз аюулар эбегейсиз күчтүү болгонуна карабастан, ургаачысына каршы күч колдонушпайт.

Пингвиндер дүйнөдөгү эң кызганчаак жандыктар. Булар дагы ургаачысына каршы күч колдонушпайт.

Өлүмдөн кийинки 24 саатта дене чирип баштайт. Дем алуунун токтошу бактерияларга белги берип, алар иштеп башташат. Биринчи чириген органдар көз, мээ, ашказан жана ичегилер.

Күчтүү антисептикалык артыкчылыкка ээ болгон сарымсак организмдеги бардык токсиндерди тазалайт. Жогорку энергияга ээ болгондугу үчүн хроникалык чарчоодон кутулууга жардам берет.

Түнкүсүн уктай албай жатсаңыз, алча жардамга келет. Организмдеги мелатонин деңгээлин арттыруучу алча, уйкусуздуктан арылтат.

Ар бир чүчкүргөн сайын, мээдеги бир нече клетка өлөт.

Музыка угуу ден соолукту жакшыртат. Ал эми ырдоо ооруну азайтып, стрессти жөнгө салат.

Сезимдерди жашырып, көйгөйлөрдү ичке сактоо жана ыйлабаш үчүн тиренүү сизди 2 жашка улуу көрсөтөт.

Азиз адамдар алып жүргөн таяктар кызыл түстө болсо, бир эле мезгилде дүлөй экендигинен дагы кабар берет.

Эски ишенимдердин биринде денеңиздеги тубаса тактар, эски жашоодо кайсы жериңизден жараланып өлгөнүңүздү көрсөтүп турары айтылып жүрөт.

Унутчаак адамдардын акылдуу экендиги илимий чындык. Анткени алардын мээси керексиз нерселерди өчүрүп турат.

Изилдөөлөргө ылайык, алысты жакшы көрө албоо (миопия) оорусуна İQсу жогору адамдар кабылышат.

Көк түстүн адамды тынчтандыруучу энергиясы бар. Ошол себептүү Facebook, Twitter жана skype социалдык түйүндөрү бул түстү колдонушат.

Индеецтердин ишеними боюнча уктай албай жатканыңыздын сыры, башка бирөөнүн түшүнө киришиңиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости