www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өткөн суткада COVID-19дун 74, «коронавиустук пневмониянын» 34 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу 12-октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жекшемби күнү коронавирустан үч, COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан «коронавирустук пневмониядан» бир бейтап каза болду. Мындан тышкары COVID-19дан 84, «коронавирустук пневмониядан» 23 киши айыгып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө коронавирус жуктургандар 108 831 кишиге жетти. Бийлик августтан бери өзүнчө эсептей баштаган «коронавирустук пневмонияга» 34 909 киши кабылды.

Эскерте кетсек, марттын ортосунан бери Казакстанда коронавирустан 1768 бейтап каза болду. Мындан тышкары анализи таза чыккан 368 бейтап пневмониядан көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости