www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалды. Алардын ичинен 500дөйү Минск шаарындагы демонстранттар экенин «Весна» укук коргоо уюму билдирди. Кармалгандардын арасында 40тан ашуун журналист жана фотограф бар. 

Айрым демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында, полиция жаш агызчу газ чачкандан кийин жүрүшкө чыккандардын кээ бирлери аларды көздөй бөтөлкө жана гүл челектерин ыргытышкан. 

Жыйынтыгында ондогон киши жаракат алды.  

 

Бул жолу милиция демонстранттарга каршы катаал чара көрдү. Беларустун көз карандысыз басылмалары ОМОНдун зомбулук аракеттерин чагылдырышууда.

Нааразылык акциялары Беларустун башка шаарларында да өтүп, камоо менен коштолду.  

 

Жекшембиде Минскинин борбору жабылып, акцияга канча киши катышкандыгы тууралуу дагы деле так маалымат жок.  

Эске салсак, Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келет. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости