www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-спикер Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Бакиров өзү вице-спикер жана жыйынга төрагалык кылгандыктан дайындоо жөнүндө токтомго колгону айтылат.
Эске салсак, 10-октябрда, мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Залда отурган депутаттар дагы бир-экөө жолдо келе жатканын айткан.
Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева жыйын ортолоп калганда чыгып кеткенин билдирди. Ал эми Каныбек Иманалиев жыйынга 41 гана депутат катышканын, анын экөө толук катышпай кетип калганын белгиледи. Мындан улам айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтып, анын дайындалышы легитимсиз деп жатышат.
Булак: NazarNews.kg