www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктурган 71 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Чыгыш Казакстан облусунда 16, Нур-Султанда 10, Алматыда төрт адамга коронавирус жукканы аныкталды. Атырау, Павлодар облустарында жетиден, Караганда, Түндүк Казакстан облустарында алтыдан жана башка аймактарда төрттөн көп эмес жаңы учурлар катталды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска кабылгандар 107 979 кишиге жетти. Алардын 95% же 102 937си айыгып, 1 731 бейтап каза болду.

Казакстанда COVID-19 боюнча жалпы статистикага «коронавирустук пневмония» учурлары августтан бери өзүнчө эсептелүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө мындай пневмонияга кабылгандар 32,8 миңге жетип, кеминде 353 бейтап көз жумду.

Последние новости