www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-сентябрь күнү"МЕКЕНЧИЛ" партиясынан КР ЖКга тизмеде №32 болуп катталган журналист Сонунбүбү Кадырова БШКнын керемети менен тизмеден чийилди. Бул тууралуу маалыматты Сонунбүбү Кадырова өзү билдирди.

--Мени Ташиев Камчыбек карасанатайлык менен сурабай, кабардар кылбай, себебин айтпай туруп тизмеден чыгарды. Ага себеп менин акчамдын жоктугу болду. Алар мени пайдаланды. Алайга чейин барып үгүт иштерин жүргүзүп келдим. Ошондуктан Ташиевдин туура эмес кадамын кыянаттык деп эсептеймин. Ал мени тизмеден себепсиз чыгарып салды, - деди Сонунбүбү Кадырова.

 

Эске сала кетсек парламенттик шайлоо 4-октябрда болуп өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости