www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖКнын жетинчи чакырылышына талапкер болуп келе жаткандарды шайласак дароо эле бейиштей жашоого жетип калчудай убада бериштен партиялар да талапкерлер да эч уялышпай эл алдында сайрап жатышат. Ал эми "үгүтаторлорубуз" алардын убадалары сөзсүз ушул беш жылдыкта аткарыла турганын үймө-үй кыдырып, айткандарын "тастыктап", добушун бергендерге төртүндө убадаланган акчага ээ боло турганын билдирип, паспортторун алып жатышкандыктары эл арасында айтылууда....
Байкуш карапайым калк канча шайлоону баштан өткөргөнүбүз менен өткөндөн сабак албаган бечара өңдүүбүз. Депутаттын негизги милдети кандай боло турганын түшүнө албайт да окшойбуз. Эл өкүлдөрүнүн жумушу айылдарга жол салуу, бала-бакча, мектеп куруу эмес. ЖК депутаттарынын эң башкы милдети эл өкүлү катары карарайым калктын кызыкчылыгын жогорку трибунада колдоо, алардын таламын талашуу, эл кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды чыгаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө, өкмөттүн курамын түзүү экенин керек болсо кээ бир талапкерлер өздөрү деле түшүнө бербейт сыягы.
Депутаттыкка бараткандардын көбү "взносту" төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жеткен бай адамдар. (Кандай жол менен байыгандыгы башка кеп). Алар мандатты жеке кызыкчылыгына пайдалануу, тактап айтканда бизнестерин өнүктүрүү үчүн гана аттанышууда. Анан да мандатка жеткенден кийин кайда болсо сыйдын үстүндө жүрөт. Каалаган ишин эч тоскоолдуксуз жасайт. Салык жашырса да аны эч ким текшербейт. Мына ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болуу үчүн акчаларын сапырып Жогорку Кеңешти карай "ураалап" баратышат.
Эмне үчүн көпчүлүк партиялардын талапкерлеринин арасында мугалим, медик же бир карапайым калктын арасынан чыккан жөнөкөй адам көрүнбөйт?
Анткени, алар талапкерликке катталуу үчүн төлөй турган акчалары жоктугунан чекеге сүрүлүп калышты...Ачык айтыш керек. Кайсыл гана партияны караба тизмесинде элге жаккан 1 мыкты талапкер жүрсө, аны курчап карапайым калктын көрөйүн деген көзү жок 5-6 талапкер жүрөт. Арасында мамлекеттик кызмат, депутаттын милдети дегенден таптакыр эле түшүнүгү жоктор көп.
Учурда элибизге кандай болгон күнү да жарышка түшкөн 16 партиянын бирин тандап добуш берүүсүнө туура келүүдө.
Кандай кылып тандайбыз? Дал ушунун өзү карапайым калкка чоң маселе, чоң суроо жаратууда...
Ушундай оор кырдаалда 4-октябрда ар бир шайлоочу алган акчасына алданбай аң-сезимине төңкөрүш жасап, татыктууларды тандоо жоопкерчилигин так аткарышы зарыл.
Кыргыз элим! "Жыргал жашоо тартуулайм'' - дейт,
Анын баары жалган да!
Жетет эми!
Аң-сезимге октябрдын төртүндө.
Төңкөрүш кыл!
Өз добушуң салганда!
Сайпидин Султаналиев, журналист
Булак: NazarNews.kg