www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кызылордо шаарынын дарыгерлери коронавирус менен жабыркаган бейтаптын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кош бойлуу аял төрөт үйүнө сасык тумоонун белгилери менен келген. Анын дене табы 38,1 градустан түшпөй койгон. Ал атайын анализ тапшырып, коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Мындан улам бейтап өзүнчө даярдалган палатада көз жарган. Дарыгерлер вирусту жуктуруп албоо үчүн коопсуздуктун бүт эрежелерин сакташкан. Салмагы 2 килограмм 900 грамм болгон эркек бала төрөгөн. Азыркы учурда эне-баланын абалы жакшы. Ымыркайдан тиешелүү анализдер алынып, анын жыйынтыгы күтүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости