www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Оморбай Нарбекович, өткөндө сүйлөшкөнөбүздө: ”саламаттык сактоо министрлиги улуу, орто, кичи муундагы вирусолог, иммунолог, эпидемиолог, ифекционисттерди чакырып, аты суук кара тумоонун тегерегинде пикир алышууну уюштурса жакшы болмок” дегенсиз. Мына кечээ В.Путин, тегерегине мыкты окумуштууларды чакыртып, алардын профессионалдык кеңешин кунт коюп укту. Европада бул тумоо элди чалгыдай чаап, шаштыны кетирди...

--Айта көрбө, бүгүн биздеги акыбалды угуп мен да, каңырыгым түтөп турат. Суткасына 10-15 адамга тараса, кечээ 42 адамга таажы вирусу жугуптур. 5 адам бул илдеттен кайтыш болду, бир суткада дагы дагы 10 адамга жугуп, баары 280 адамга жетти. Алар кандай көмүлгөнү боюнча дарек жок. Кайсы дарылар берилгени, кантип дарылап жатканы боюнча кымындай маалымат жок болуп туру. Министрдин 5 күндө, пандемия басаңдайт деген болжолу да, жалган болуп чыкты. Сабиржан Токтосунович, көзү каныккан адистерди чогултуп, кеңеш, сунуш укканды каалабайт окшойт, жыйынга деле чакырбады. Болбосо, Сооронбай Шарипович элдин кызыкчылыгын ойлосо, окумуштууларды чакырып, жүйөөлүү кебин укмак да. Ак үйдүн темир торунан аттап, ары жагына кириш эч кимге буйрубай калды..

Сутка ичинде (09.04.20) АКШда 1965 ,ал эми Италияда 542, Францияда 541, Англияда 938 адам каза болду.

Бул вирус Кыргызстанда апогейине жетелек, мына алыс барбайлы ошо жайылган Уханда жаңыдан гана карантин алынат деген кабар кетти, ал шаарда баш-аягы, апаат 4 айга созулду. Италиянын Сардиниясында 23 февралда башталган экен, карантин маселеси 15-апрелде токтошу ыктымал деп атат, эгер ага чейин тумоо басылбаса, аргасыздан коменданттык саат узартылышы ыктымал. Бизден баланча адам обсервациядан сакайып чыкты деген маалыматты да абайлап бериш керек, алар ачык айтканда вирусту алып жүрүүчүлөр, кайрадан вирус ойгонуп кетсе, оорунун экинчи толкунуна кабылышы ыктымал.

--Оморбай мырза, бу жакшы жаңылык бат тарайт экен. Интернет айдыңында сиз чыгарган ТАШЧАЙНАР деген мите курттарга каршы дарыңызга элдин жылуу пикирин көп учураткам. Былтыр жакшы демилге көтөргөнсүз, ушул препаратты мите курттары менен ооругандарга болушунча таркатып, клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтсө, экспорттоп, сыртка чыгаруу идеяңызды жапырт колдогондор көп эле. Ошол демилге күчүндөбү?

--О-о-о ТАШЧАЙНАР дарынын баскан жолу байсалдуу болду. Мунун чыкканына 5 жылдай болуп калды. Республиканын баш этегин бүт кыдырып чыктым. Түштүк-Түндүк тарабына мен баспаган жер калбады. Бүт элет жериндеги жетим-жесир, жашоосу жакыр, айыл, район, облус деңгээлиндеги 12 миң адамга, 12 млн сомдук ТАШЧАЙНАРДЫ бекер тараттым. Эми баарын акысыз кармата бергендей мен олигарх же чоң бизнесмен эмесмин, дарынын компоненттерин жасоого оголе көп, тоонун кылда чокусунан терилген, өтө сейрек кездешүүчү дарылык касиети бар өсүмдүк дүйнөсүнүн жалбырагы, сабагы, ашы, тамыры керектелет. Дарыны таркаткан соң, эксперименталдык изилдөөгө алдык. Эгер окуп, таанышууну кааласаңыздар, орус тилинде, былтыр чыккан: ”Паразиты в нашем организме” деген О.Нарбеков, К.Раимкулов, Г.Дооронбекованын методикалык колдонмо китебин окуп чыксаңар болот. Ошол китептин 72 - бетинде, “Ташчайнардын” адам баласынын денесинде байырлап алган мите курттарды дарылоодогу натыйжалуулугу таблица иретинде берилди, таанышып коюңуздар:

Бул дарыны даярдоодо, кыргыз фармокопеясындагы уруксат берилген гана чөп дарылар пайдаланылды. Эксперимент жүргүзүп жаткан учурда аталган дары, адамдын организмин чүнчүтүп, маанайын түшүрүп, кооптонууну пайда кылган эмес.

Куртка каршы ичүү дозасы 7 жашка чейин, тамактанган соң, 10-15 минутадан кийин 30 граммдан 3 маал ичип, дарылоо курсу 10 күнгө созулат,ал эми андан жогорку курактагы адамдарга тамактанган соң, 50 граммдан үч маал ичип, дарылануу 7 күнгө созулат.

--Дарынын канчалык деңгээлде эффективдүүлүгү бар экенин, клиникалык жана эксперименталдык сыноолордо ийгиликтүү өттү.

--Азыр баарыбыз эле, кара тумоо менен алышып атып, кыргыздын мойнуна салынган 4 жарым миллиард доллар карызды унутуп койдук. Улгайган сайын уйку качып калат экен. Мен эми кудай буйруган жашты жашап койдум, алдыда канча калды, аны бир гана кудай билет. Жаш өйдөлөп баратканда мамлекеттин тагдырын көп ойлонот экенсиң. Азыр аткаруу бийлиги, “сырттан келген инвесторлорго шарт-шараян түзүп, аларга бейчеки жолтоо кылбаш керек!” деп өзгөчө макам берип, бапестегенди токтотуш зарыл. Сырттан келген инвестор, кыргызга күйбөйт экен. Бүт ырыскысын талап-тоноп, бизге уу тыштап кеткен, Кумтөрдүн, алтын казган 200 кен байлыктардын туш келди челип кеткен аянычтуу тагдырын көрдүк. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлоону качан үйрөнөбүз? Керек болсо, сырттан инвестор издебей, өлкөнүн ички резервдик потенциалына маани берсек, экспорттоого кудурети бар, экономиканын кыр аркасын түптөөчү бир топ жаштар бар, алар 10 пайызга отуруп алган, же болбосо өз тааныштарын гана иргеп киргизген ышпалдасы чыккан практикадан тажап, сыртка чыгып кеткени толтура.

Ушул ТАШЧАЙНАР дарысын экспорттоого аткаруу бийлиги көмөктөшсө, бул препаратты сатсак, бюджеттин бокчосуна млндогон долларлар агып түшмөк. Анткени бул дарынын таасирин билгендиктен, экспортко жөндөмдүүлүгүнө көзүм жеткендиктен сунуштап отурам. Окурманга бир нерсе айтып коёюн. Немистердин кант диабетине каршы чыгарган дарысы, жылына 70 млрд евро пайда апкелет экен. Дүйнөлүк трансулуттук фармокорпорациялар жылына триллиондогон доллар пайда көрөт, булар адамдын көз жашынан, онтогон оорулуунун эсебинен, милиардер болушат, ошо чыгарган дарынын курамында, пайдасынан башка, адамдын денесине “побочное действие” берген оголе көп терс моменттерин инструкциясынан окусак да, сатып алып жатпайбызбы. Ошолордун дарысын ташып келип, байыган, саламаттык сактоо министрлигине эки министр келип, пок чокуган тоокчолук пайдасы тийбеди. Ошо фарминдустриянын дарысын ташып келип, министр, депутат болуп, абакка түшкөн жигитти билебиз...

Ал эми мен чыгарган препарат, эч кандай химиялык кошулмасы жок, табият тартуулаган, адам баласы млрд жылдап колдонгон дарылык чөптөрдүн табышмактуу дүйнөсүнөн даярдалды.

Дарыны экспортко чыгарыш үчүн, эн оболу товардык татына жүз, масс-медиада кубаттуу жарнама, ташып жеткирүү жагы колго алынуусу кажет. Ушуну баарын айтып, тийиштүү адамдар менен чогуу- чаран сүйлөшүүгө аткаруу бийлигинин кашаңдыгы, кайдыгерлиги тоскоол болууда, али да кеч эмес, көкүрөккө түртпөгүлө, биргелешип кеңешели-таңашалы, мен ошого көзүм жеткендиктен силерге сунуштап атам. Кыргыздын карызын баарын төлөй албасам да, ондон биринен куткарууга дараметим жетет, бул дарынын сакайтууга болгон натыйжасы, коңшу-колоңдорго да жетиптир, эми тумоо токтоп, эл жумушуна чыкса, коңшулар менен келишим түзүп, сатуу жагын караштырып жатабыз. Кудайга шүгүр өз жашоомо камчы салдырбай, кыйналбай-нетпей оокат-тиричилигим өтүп атат. Кээде каржалып келген оорукчандарга акысыз кармата берем, кай бири бир жылдап бербей койгон учуру болот, ага да түшүнүү менен карайм. Кечээ Америкадан Керимкулова Зулайка деген аял, 3-4 жыл мурун 7 миңге дары алган экен, калган 5 миңин почта аркылуу доллар менен салып жибериптир, рахмат!

Айланайын эл-журт, эми бу атың өчкүр мите курттардан жабыр тарткандар дүйнө жүзүндө 5 млрдга жеткен, ал кандай жугат, кандай ооруларды козгойт, ал кантип адам баласында рак оорусун пайда кыларын кийинки маегимде кенен-чонон айтып берейин.  

Белгилей кетсек, Оморбай Нарбеков, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык Академиясынын президенти, КМШ Эл аралык Фитоборборунун Президенти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери, Калифорния илим, билим, өнөр жай жана Искусство Академиясынын Академиги.

Казакстан экология Академиясынын академиги. Эл агартуунун отличниги, Апрель революциясынын баатыры. 

Маекти алып барган эркин журналист Жамиля Аилчинова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости