www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Физика-математика мугалими, астролог Жанар Кадыралиев коронавирустун вакцинасы качан чыгат жана илдеттин орду-түбү менен жок болушуна канча убакыт керектелээрин өзүнүн Инстаграм баракчасынан жазып чыкты.

“Урматтуу мекендештер азыркы учурда эл арасында “Коронавирус оорусу ашып барса 2-3-айда бүтөт экен. 2-3-айдан кийин дароо эле чет мамлекеттерге кете берсек болот экен” деген сөздөр байма-бай таркап жатат. Аны өзүңөр интернеттен окуп жатасыңар. Бирок бул сөздөр, бул ойлор туура эмес. Ушунчалык деңгээлде дүйнөгө кулачын жайып турган бул оору “2-3- айда эле кетип калат экен” деген тыянак чыгаруу – бул чоң адашуу. Андыктан медиктердин, Саламаттыкты сатоо министри, өкмөттүн штабдарынын айткандарын, койгон талаптарын ар бирибиз эч бир кынтыксыз акткарууга милдеттүүбүз.

Вируска каршы вакциналар 2 жылдан кийин, тез чыкса бир жарым жылдан кийин гана чыгышы мүмкүн деп ММКлардан, радио, телевидениелерден угуп жатабыз. Бул да туура эмес. Мен силерди кубантып айткым келет: вакцина ага чейин эле чыгышы мүмкүн. Бирок анын(оорунун) последствиялары менен күрөшүү, калдыктарын тазалап толугу менен ликвидация кылуу үчүн (дүйнө жүзүндө) айтылып жаткан 1,5-2 жыл убакыт кетиши мүмкүн. А, чындыгында вакцина ага чейин эле чыгат. Кыжаалат болбоңуздар. Медицина илими азыр ушунчалык өнүгүп турган мезгил. Россияда бул вирусту жок кылуучу алгачкы вакциналардын жакшы жыйынтык бере баштагандыгы, албетте бизди кубантат. 

Бирок, вакциналар чыга баштаптыр деп эле тартипти сактабай коюу туура эмес. Айтылган бир жыл ичинде бул илдет мезгил- мезгили менен күч алып турат. Азыркы учурда да күчүндө. Май айына барып бир кыйла басаңдайт. Июнда тынчыраак болот. 20-июлдан баштап 20-октябрларга чейин, ушул 3 ай ичинде бул оору дагы күчөйт. Октябрдын этеги, ноябрь айында басаңдай баштайт. Декабрь тынч болот. 2021-жылдын январь айынан баштап апрелге чейин бул илдет дагы бир аз күчөйт. Бирок таасири бир топ азайып тездик менен өтүп кетет. (Ушул даталарды эстеп калгыла)”,-деп астролог жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости