www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Казакстан облусунда 2017-жылы 135 бала өздөрүнүн ВИЧке чалдыкканы тууралуу кабардар болушту. Бул тууралуу 21-февралда Чимкентте өткөн маалымат жыйында облустук "Эне жана бала" реабилитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов билдирди. Анын айтымында, балдарга ВИЧке чалдыкканын кабарлоо бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Шакенов оору тууралуу бала 11-12 жашка чыкканда айтуу туура деп эсептейт. Маалыматка караганда, быйыл дагы 45 балага ВИЧке кабылганы угузулат. Учурда облуста ВИЧ илдети менен 242 бала каттоодо турат.
Булак: NazarNews.kg