www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү Улуттук Филармонияда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жеке концерти болуп жатат. Кечээ Гүлжигит Сатыбеков коомчулукка жаңы ырлары менен бирге, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырларын тартуулады. Анын концертин куудулдар да коштоп жүрдү. Алсак, Жакут Сыдыков тамашалары менен бирге "Телефон" аттуу жаңы ырын жалпы журтка тартуулады. Ошондой эле, аталган концертте маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков өзүнүн тамашалары менен элди өлөрчө күлдүрүп, өлөрчө ыйлатты.

Залдагы келген коноктор анын тамашаларынан боору эзилип жатып калышты. Санжар Бердибеков коомчулукта куудул гана эле эмес ырчылык өнөрүн да көргөзүп келет. Дал ушул концертте Санжар Бердибеков атасына арналып жазылган ырын ырдап, элди бир сыйра ыйлатты.

Ыраматылык Манас Бердибековдун күйөрмандары менен бирге аталарын эстеп, көздөрүнө жаш алышты.

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости