www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт күндөн бери борборубуз Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген артисти, көптөгөн ырлардын автору Гүлжигит Сатыбеков өзүнүн кезектеги отчёттук концертин берүүдө.

Филармониянын чоң залында орун алган бул концертти көрүү үчүн биз да баш бактык. Залга кирээр замат сахнанын чок ортосунда өзгөчө заманбап сахна жасалга, эстрадалык оркестр көзгө урунду. Концерт жогорку деңгээлде даярдалганы дароо бизге сезилди. Орундугубузду таап жай алганча эле концерттин күнөөкөрү өзүнүн керемет чыгармалары менен сахнага чыгып, эл менен баарлашып, аларды жагымдуу маанайы көтөрдү. 

Концерттин өзгөчөлүгү ырчы мырза өзүнүн автордук ырларын жандуу аткарып жана куудулдардын көрүүчүлөргө тартуулган күлкүлөрүндө болду. 

Концерт башталгандан бүткөнгө чейин тынымсыз кол чаап, кучак толо гүлдөрдү тартуулап, Гүлжигит мырзанын сүйүү тематикадагы ырларына суусап, ага зар болгон айымдар чуу салышты. Концерт көрүп олтуруп залды жара сүйүүсүн арнаган айымдардын көпчүлүгү ырчы мырзанын ырларын сүйүп угуп, чыныгы күйөрман экендерин жашыра алышкан жок. 

Төрт күндөн бери аншлаг менен коштолуп жаткан Гүлжигит мырзанын концерти майрамдык маанай коштолуп, бүгүнкү концертин да ийгиликтүү жыйынтыктап алышына тилектешпиз! 

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости