www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Орол шаарында эки баласын сатууга шектелип каракалпакстандык мигрант келин кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, келин алгач 2018-жылы жаңы төрөлгөн баласын Атырау шаарындагы үй-бүлөгө саткан. Кийинки жылы ал кыз төрөп, аны үч жашка толгондо Орол шаарындагы үй-бүлөгө 1 миллион теңгеге (2,2 миң доллар) сатып жиберген.

Кармалган келиндин курбусу билдиргендей, ал мындай кадамга аргасыздыктан улам барган. Балдары никесиз төрөлүп, бул жөнүндө жакындарынын кабары болгон эмес. Анын айтымында, келин балдарын саткан эмес, "болгону жакшы багууга мүмкүндүгү бар адамдарга берген".

Каракалпак диаспорасынын өкүлдөрү бул акыркы эки жылдын ичинде мекендештери катышкан Казакстандагы төртүнчү ушундай учур экенин билдирүүдө.

Каракалпакстандын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында жалпысынан 70-80 миңдей каракалпак мигранты бар. Алардын көбү курулуш, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармактарында иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости