www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урандан атом бомбасы даярдалат, Казакстандагы окуялардан улам дүйнөлүк рынокто уранга болгон баа 8 пайызка көтөрүлдү. Бүгүнкү күнү урандын кени 28 өлкөдө гана бар, анын ону уран кенин иштетүү боюнча алдыда турат. Уран иштетүү боюнча кошуна Казакстан 17 500 тонна менен дүйнөдө биринчи орунда туруп урандын дүйнөдөгү 40 пайызын берет. Урандын наркы фунту 45,25 долларга көтөрүлүп, өткөн жумага караганда 8 пайызка өстү. Казакстанда болуп жаткан протесттерден улам уран казып алуучу «Казатомпром» компаниясынын Лондондогу фондулук биржада акциясы 8,8 пайызка түшүп кеткен. Анын артынан Kaspi Bank (25,1%) жана Halyk Bankтын (17,7%) акциялары түштү. Урандын акцияларын кармагандар протесттен улам гана акциялардын бааларын түшүрүп, урандын наркын жогорулатып жатышат. Уран өндүрүү боюнча алтынчы орунда Орусия 3 600 тонна, жетинчи орунда ашынабыз Өзбекстан 2 400 тонна. Орусияда урандын 800 миң тонна запасы бар, жети жерде урандын кенин иштетип жатышат. Уранга болгон талап өсүп баратат.
Кыргызстандагы урандын тарыхы
Кыргызстандын аймагында жалпы көлөмү 254 миллион метр куб кен калдыктарын сактоочу 92 жай бар. Алардын ичинен онго чукулуна уран калдыктары көмүлгөн. Кыргызстанда калдыктарды сактоочу жайлар 1966-1973-жылдарда жабылган. Кен калдыктар көмүлгөн жер 35-40 жылдан бери кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, ачык калган. Акыркы жылдардагы көчкү, жаракалардын күчөшү, сел жана эрозиялык кубулуштардын калдыктарды сактоочу жайларга тийгизген таасири, ошондой эле ремонттук калыбына келтирүү жумуштарына каражаттын аз бөлүнүшү ааав калдыктарды сактоочу жайларды начар абалга алып келди. Анын бири уран-көмүр кени Кажы-Сайда жайгашып, 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Чогулган материалдын көлөмү 150 миң куб метрге жетет. 1960-жылдары бул жердин үстү жагы гана жабылган. Бирок, убакыттын өтүшү менен аны суу жууп кетип жатат. МАГАТЭ менен "Росатом" ишканасынын ортосунда Кыргызстандагы айрым уран калдыктары сакталган жайларды иреттөө тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде Кажы-Сай да бар.
Майлы -Суу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын 60 миллион чамалаш калкына коркунуч келтирип турат. Кыргызстандагы уран калдыктарынын көбү Майлы -Сууда жайгашкан.
Нарын облусунун Миң-Куш айылына көмүлгөн уран сакталган жерди суу капташы мүмкүн. Нарындын Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасында уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Союз тушунда аталган жайда уран кени казылып, анын калдыктары «Туюк-Суу», «Талды-Булак», «Как» жана «Дальнее» деген жерлерге көмүлгөн Миң-Куштун айрым тургундары уран калдыктары сакталган жерден темир-тезек терип, аны кайра сатып оокат кылышат. Буга биринчи кезекте жумушсуздук таасирин тийгизсе, экинчиден, калдык сакталган жайда узак убактан бери бекемдөө иштери жасалбагандыктан үстүндөгү коргоочу катмар оор акыбалга келген. Эгер уран калдыгына жуурулушкан суу Нарынга, андан Сыр-Дарыяга куюлуп кете турган болсо, Борбор Азияга экологиялык чоң зыян алып келет. Акыркы 30 жылда уулуу заттарды жаап-жашыруу унутулуп, олуттуу жумуштар жасалган эмес.
Кыргызстандагы Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар Акаевдин учурунда көбөйө баштайт. Отунбаеванын кен тууралуу маселеге убактысы жеткен жок. Ал эми Атамбаев, Жээнбековдор № 151 мыйзамга кол шилтеп, учурунда «ЮрАзия” компаниясын иштетүүгө далалат кылышты, бирок эл алдында духтары жеткен жок. 2009-жылы президент Бакиев «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамына кол койот. Бул мыйзам айлана - чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынган. Мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн көп кендерди иштетүү үчүн тыюу салынган. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасында чарбачылык жана башка обьекттерде, юридикалык жана физикалык тараптардын иш-аракеттерине, долбоорлоруна, иликтөөлөрүнө жалпы талап коюлуп, калкка зыян келтире турганы аныкталса тыюу салынган. Бул мыйзамдын негизинде Кызыл-Омпол уран кениндеги иликтөөлөр токтотулган.
Урандан «Уран-238» алынат
Кен жаткан жердин аймагы абдан чоң. "Таш-Булак" кенинде ренит чачырандысы кесек түрүндө жайгашкан. Уран, торий, цирконий, фосфор, титаномагнетит — бардыгы жөнөкөй кумда болот. Кендин радиациясы 40 ден 80 мкР/саат, айрым жерлеринде 130-150 мкР/ саатка жетет. Радиоактивдүү кум үстүндөгү 25 метр тереңдикте жайгашкан. Ал эми казып алына турган урандан ядролук куралдар жасала турган "Уран-238" алынат. Бул эң күчтүү, радиоактивдүү зат. Совет убагында элден көп нерсе жашырылып келген, элден суралуучу да эмес. Жаратылыштан алынган урандан "Уран-238" жасалып атом бомбалар, ядролук куралдар жасалчу.
Кендин кийинки кайра иштетүүсү Кара-Балта тоо-кен комбинатында жүргүзүлѳт. Азыркы учурда "Таш-Булак" кенинен түшкѳн материалдарды кайра иштетүү үчүн комбинатта ѳндүрүш жабдууларын кайра куруу жана оӊдоо иштери жүргүзүлүүдѳ. Иштете тургандар концентратты атайын коргоочу контейнерде ташыйбыз, бул айлана-чѳйрѳнү булгоого жол бербейт дешет. «Таш-Булак» кенин каржылоого 10 миллион доллар кетет, ошонун эсебинен кенде 200-220 жумушчу орду түзүлмөк, Кара-Балта тоо-кен комбинатында 500 жумушчу иш менен камсыз болмок. Программа 25 жыл убакытка эсептелген.
Урандын терс жагы
Уран зыяндуу, элибизге коркунучтуу, келечегибизди ойлошубуз керек, кийинки балдарыбыздын тагдырын. Уран чыгаруу оюнчук чыгаруу эмес. Урандан ядролук согушка керектеле турган "Уран-238" чыгарылат. Албетте, «Уран-238ди» бул жактан алып кетип, Орусиянын атайын аны чыгара турган заводдорунан чыгарса керек. Эгер кокустук болуп кетсе кичинекей урандан Кыргызстан чоң запкы көрүп калышы ыктымал. Уран менен ойнобойлу туугандар, "Өлө албай турган эчки,койчунун таягына сүйөнөт" болбойлу. Жердин үстүнкү катмары жер алдындагы уран нур радиациясын жер үстүнө чыгарбай турат. Уран чыга турган "Таш-Булак" кени боюнча эл анын иштетилишине каршы чыгып, нааразылыгын айтып, кен казабыз деген шылтоо менен жердин үстүнкү катмары ачылса эмне болуп кетет дегендер да бар. «Уран-238» - эң жогорку радиациялуу элемент, ал эмес вулкан атылган жерлерде урандын курамы болот экен.
Кыргызстан Чернобылга айланышы мүмкүн, жүздөгөн жылдары «урод» балдар төрөлүп, элдер рак оорусуна чалдыгат - деген сөздөр угула баштады. Кенди иштеткенден кийин балдарыбыздын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ар кыл илдеттерге чалдыгып, адамдардын жашоосу кыскарат. Уран кени ачылгандан кийин «Уран-238ден» чоочулап Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келбей калат. Туристтер келбей койгону аз келгенсип, алма- өрүк мал жайытынын баары өлөт. Көөдөнү көрлөргө дүнүйө байлык мансап, аларга өз элине өлсө өлө берсин деген кайдыгер мамиле кылышууда. Түзүп беребиз деп жатышкан жумуш орундарынын кереги жок дешип уран кенинин иштетилишине каршылар да көбөйдү.
Кыргызстан кааласа, каалабаса да "Уран-238" ди алыш үчүн, кенди казып алууда жана Кара-Балта тоо-кен комбинатында иштетүүдө МАГАТЭнин көзөмөл алдында болот. СССР заманында МАГАТЭ эмес, Москванын көзөмөлүндө болушкан. Уран иштетүү оюн эмес, буга МАГАТЭнин уруксаты болуш керек. Азырынча мурунку СССРден калган уран калдыктарын жоготуп алсак болмок. Урандын биздин өлкөнүн жаратылышындагы өлчөмү кеңири эсептелген. Кептин баары аны жер катмарынан руда катары казып алуу, кайра иштетүү негизинде таза уранды "Уран-238" ди алуу жана аны экспортко чыгарууда жатса керек. Ал үчүн экологияга шек келтирбеген технологиялар жана аны ишке ашыруучу жабдуулар керек. Уранды иштетүүгө орусиялык инвесторлор келмек. Кыргызстандын казынасы бул иштерди бүтүрүүгө чама-чаркы жетпейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg