www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү активист Урмат Акунов, экс-президент Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасап, ыраазычылыгын билдирди.

--Нурсултан Абишович, 30 жыл кең Казакстан калаасында улутуна карабай кыргыз, өзбек, тажик, дунган, уйгур дебей кең пейил мамиле кылып ар улутту бактыңыз. Сиз башкарган өлкөдөн ар улуттун уул кыздары жумуш иштеп, соода кылып, өз келечектерин курушту. Ал тургай жарандык алып калышты. Сиз салган Астана шаары Орто Азия боюнча көздүн жоосун алган чоң ири шаарлардын бири аны сыймыктануу менен бир боорубуз казак элиники деп айта алабыз. Ушундай сиз карылыктын доорун сүрө турган убакытта, алдан кетип калган кезде, айрым бир ууч топтун туура эмес кадамы менен оор кырдаал болуп кетти.

Сиз, элим тентибесин, бай жашасын деп шарт түздүңүз, тилегиңизге жеттиңиз, ошол эмгегиңизди айрым казак боордошторубуз билген жок. Кыргызда макал бар: "мал арыгын байласаң ооз майлайт, киши арыгын байласаң ооз кандайт" дегендей, бапестеген элеңиз сизге ушундай мамиле кылганы өкүндүрдү. Сизге ден соолук каалайм аман болуңуз, кайрат кылып, белди бекем бууп аман болуңуз, - дейт Урмат Акунов.

Эске сала кетсек, митингдин катышуучулары ишканаларга зыян келтирип, талап-тоноодо. Мындан тышкары, алар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, медициналык кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратып, клиникаларга жана ооруканаларга зыян келтирүүдө. Ошол эле учурда шаарда тартипти орнотуу үчүн атайын антитеррордук операция башталган. Бул тууралуу Алматы комендатурасынын расмий билдирүүсүндө айтылат, деп билдирет «Казинформ».

Эске сала кетсек, Россия Федерациясынын президенти В.Путин Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылганын билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости