www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремисттер ишканаларга зыян келтирип, талап-тоноодо. Мындан тышкары, алар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, медициналык кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратып, клиникаларга жана ооруканаларга зыян келтирүүдө. Ошол эле учурда шаарда тартипти орнотуу үчүн атайын антитеррордук операция башталган. Бул тууралуу Алматы комендатурасынын расмий билдирүүсүндө айтылат, деп билдирет «Казинформ» NazarNews маалымат агенттигине:

- Алматыда абал курч, митингдин катышуучулары өтө эле агрессивдүү. Каза болгондор көп. Алардын максаты эмне экенин түшүнбөй турабыз. Көчөгө чыккан кооптуу, - дейт жергиликтүү тургун Сауле. 

Эске сала кетсек, Россия Федерациясынын президенти В.Путин Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылганын билдирген.

Андан сырткары Акордада президенттин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган терроризмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Иш-чарага парламенттин эки палатасынын төрагалары, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, президенттик аппараттын жетекчиси, статс-катчы, УКМКнын төрагасы, вице-премьер-министр – тышкы иштер министри, коргоо министри жана ички иштер министри катышты.

Последние новости