www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын президенти В.Путин Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылганын билдирген.

Андан сырткары Акордада президенттин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган терроризмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Иш-чарага парламенттин эки палатасынын төрагалары, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, президенттик аппараттын жетекчиси, статс-катчы, УКМКнын төрагасы, вице-премьер-министр – тышкы иштер министри, коргоо министри жана ички иштер министри катышты.

Коопсуздук кеңеши кырдаалдын татаалдыгын белгилеп, бир катар чукул чараларды көрүүнү талап кылды. Ал ошондой эле Казакстанга чыныгы террористтерди киргизген күчтөрдү атады.

- Ушуга байланыштуу террорчуларга каршы операция жүргүзүшүбүз керек. Мен антитеррордук штабды жетектейм. Бейбаштар жасаган террордук акттын уюштуруучулары чыныгы террористтер. Учурда Алматыда жана башка шаарларда иштеп жатышканын билебиз. Алар, эң негизги курал кампаларын басып алууда. Учурда Алматынын жанында Коргоо министрлигинин десанттык бөлүктөрү согушуп жатат, - деди президент.

Президент бул террордук топтор чындыгында чет өлкөлөрдө жакшы даярдалган эл аралык террористтер экенин, алардын Казакстанга жасаган чабуулун агрессивдүү акт катары баалоо керектигин айтты.

- Ушуга байланыштуу мен Коопсуздук Кеңеши жөнүндөгү келишимдин негизинде ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринен Казакстанга бул террордук коркунучтан чыгууга көмөк көрсөтүүнү сурандым. Чынында бул коркунуч гана эмес, мамлекеттин бүтүндүгүнө, жарандарыбызга кол салуу. Алар менден мамлекет башчысы катары тезирээк коргонууну суранышат. Жарандардын жыргалчылыгын, коопсуздугун жана тынчтыгын ойлош менин конституциялык милдетим. Ошондуктан ЖККУдагы кесиптештериме кайрылуум өз убагында жана толугу менен туура чечим. Мен Казакстандын эли бул чечимди колдойт деп ишенем. Бирге иштесек сөзсүз жеңишке жетебиз. Террордук топтор ири инфраструктуралык объектилерге кол салууда. Атап айтканда, Алматы аэропорту, беш учак, анын ичинде чет элдиктер да кармалган. Тилекке каршы, Алматы шаарына кол салуу болуп, талкаланган. Шаар тургундары террордук жана каракчылардын кол салууларынын курмандыгы болушкан. Ошондуктан биздин, анын ичинде Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн милдети – өлкөбүздү тышкы коркунучтардан коргоо үчүн бардык зарыл жана мүмкүн болгон чараларды көрүү, – деди Касым-Жомарт Токаев.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы өз сөзүндө террордук агрессиядан жапа чеккен өлкөнүн жарандарына кайрылды.

- Мен Казакстан Республикасынын Президенти катары сиздин өмүрүңүздү коргоо үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Биз бирге жеңебиз деп ойлойм. Бул өлкөнүн тарыхындагы оор мезгил. Бул кантип жана эмне үчүн болгонун такташыбыз керек. Бирок эң негизгиси өлкөбүздү, жарандарыбызды коргоо, - деди президент.

Последние новости