www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму Казакстандагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатат. Бул тууралуу Нью-Йорктогу брифингде уюмдун маалымат катчысы Стефан Дужарик билдирди.

"Албетте, биз Казакстандагы окуялардын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Окуяларга кириптер болгон баардык тараптар сабырдуу болуп, зордук-зомбулукка жол бербей, маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүсү маанилүү деп эсептейм",-деди Дужарик.

Буга чейин АКШ дагы Казакстандын бийлигин сабырдуулукка чакырып, нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө үндөгөн.

6-январга караган түнү өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев "мамлекетке бүлүк салган террордук топтор чет жактан катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин" билдирди.

Казак лидери ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сураган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости