www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаалга байланыштуу анын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. 

Лукашенко алгач Путин менен сүйлөшкөн, андан кийин Токаев менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган. Маалыматта Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тынымсыз байланышта болуп жатканы айтылат. Бул тууралуу Беларустун president.gov.by мамлекеттик сайты жазды.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар күч алып, өлкөнүн баардык аймагына жайылды. Нааразычылыкка чыккан эл мамлекеттик имараттарды басып алышты.

Президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. 

Эскерте кетсек, Казакстандагы нааразычылык учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости