www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Казакстанда эпидемиянын туу чокусу болот. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу катчысы Ботагоз Жакселековага таянып,  Tengrinews.kz билдирди.

Анын айтымында, акыркы төрт күндө өлкөдө жаңы коронавирус ооруларынын өсүшү басаңдаган. Белгиленгендей, бул катуу карантиндик чараларды киргизүүнүн натыйжалуулугун тастыктайт.

Ошентип, 4-апрелден баштап Нур-Султан шаарында оорунун көбөйүү темпи 8,4 пайыздан 0,9 пайызга чейин, Алматы шаарында 15 пайыздан 2,5 пайызга чейин төмөндөгөн. Ушул жуманын башынан бери Нур-Султан шаарында 6, Алматы шаарында 6 учур катталды.

"Бирок өлкөдө эпидемия күчөгөн туу чокусуна жете элек. Нур-Султан жана Алматыда бир аз басаңдоо байкалган, бирок башка региондордо эпидемия күчөгөн учурлар бар. Бүткүл өлкө боюнча, күчөгөн туу чоку кийинки 1-2 аптанын ичинде болот деп күтүп жатабыз",-деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости