www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күндөн бери социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун видеотасмасына саресеп салып, окурмандарга түшүндүрмө берсек. Кимсанов тасмадагы сөзүндө Райымбек Матраимовду күнөөлөгөн. Эми Эмилбек Кимсановдун “эркектик” сөзүбү айтор, назик аялдардай болуп беттен “красиво” алдыбы сөзүн кылдаттык менен талдаңыз. 
(Кимсановдун сөзү “Азаттыктан” алынды)

Э.Кимсанов: - «Ош бажысында жумуш кылып жүргөм. Кыргызстан боюнча контрабанда башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп жумушка жеткенден кийин бир аз жумуштар болуп, тополоң чыгып, өз ыктыярым менен жумуштан кеткен элем. Ошондон бери бир жыл өттү. Райымбек Исмаилович мени тынч койбойт, «жумушка кайтасың, жумушка иштейсиң, мен айткандай болот, мен дегендей болот» деп. «Коюңуз, коюңуз» десем да эч тынч койбойт, жан койбойт,-деген...

Саресеп: - Кимсанов, Ош бажысында иштеп жүрсө, “бир аз тополоң” болсо эле ким аны кызматтан алды, өзү айткандай “бир аз тополоң”  эмнеден улам келип чыкканы айтылган эмес. “Райымбек Исмаилович мени тынч койбойт, «жумушка кайтасың, жумушка иштейсиң, мен айткандай болот, мен дегендей болот»,-деп – айткан. Эгерде чын эле Матраимов Эмилбек Кимсановду кызматка кайра чакырса, Кимсанов “жан” деп эле кайра кызматка келмек. Бул жерде Кимсановдун карандай калп сүйлөп жатканы айдан ачык болуп калган. Ал Матраимовго «коюңуз, коюңуз» десем да эч тынч койбойт, жан койбойт”, деген. Кимсановдун бул сөзү өтө күлкүлүү, айрыкча, эркектердин оозунан чыккан жагымсыз, ойдон чыгарылган, жигит кишиге жарашпаган, атайын каралоо экендиги маңкасы чубалып аккан жаш балага да айдан ачык көрүнүп турат. Кантип эле Эмилбек Кимсанов, назик болуп барып, Матраимовго «коюңуз, коюңуз» деп айтат, бул ишенүүгө болуп көрбөгөн, туңгуюкка кептелгенде айла жоктуктан чыккан сөз.

Э.Кимсанов: - Үч-төрт жолу биздин инилерибизди, өзүмдү кошо төрт жолу атышты, буга чейин. Унчукпай жүрөбүз. Бир да арыздана албайбыз. Билебиз эми, арыздансак бул кишинин колунан бүгүнкү күндө көп нерсе келет экен. Сиз көп нерсени билбейсиз, сиз менен жамынып алып көп адамдарды коркутуп жүрөт, бандиттер менен биригип алып,-деген.

Саресеп: Кантип? Эмне үчүн? Кандайча? Кайсыл жерде Кимсановду мылтык такап атса дагы ал унчукпай жүрө берди? Таң калычтуу! Шок! Кимсановду чын эле коркутса, чын эле атса, алакандай эмес, томуктай Кыргызстан дүрбөлөң түшмөк. Ал “унчукпай” жүрө берсе эле, коркутуу башталдыбы?! Эмне үчүн ал өзүнүн бир нече адамдарды коркутуп, кыздарга зордук-зомбулук көрсөткөнүн айткан эмес. Кимсанов кара карга болуп өзүн, тасмада аппак карга кылып көрсөткүсү келген!

Эмилбек Кимсанов: - Эми эмне десем? Коркутуу, үркүтүү келип жатат. Менде мындай жазуулары бар (телефонун ачып көрсөтүп атат). Мына бул «Шеф» деп турат. Номери 775-71-11-11 деп. Бул Райымбек Исмаиловичтин номери. Мына мындай тапшырмаларды берет мага: «Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү даректерин мага таап келесиңер, Прагадан, тирүүбү-өлүкпү, мага алып келесиңер»-деп, ушундай буйруктарды берет. «Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү маалыматтары, Прагадан табасыңар», деген…

Саресеп: - Эмилбек Кимсановго өзү айткандай «шефи» тапшырма бергени чындыкка дал келеби? Элестеткиле, 37 жаштагы катардагы эле Кимсановго, Райымбек Матраимов «Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү даректерин мага таап келесиңер, Прагадан тирүүбү-өлүкпү, мага алып келесиңер» дегендей, Кимсанов УКМКнын же ИИМдин кызматкери же болбосо Камчы Көлбаевдин оң колу, «каралардын командири» беле? Кимсановдун видеотасмадагы ушул сөзү балчыкта жаткан бегемоттун «спорт менен тынымсыз машыгамын» дегениндей эле болуп калган.

Эмилбек Кимсанов: - Андан тышкары мына, менин «Вотсабымда» турат (көрсөтөт) бүт СМСтерим. Мына: «Сураныч, шеф, жумушуңузда иштебей эле коё берейин» деп. «Балдарыңыз аттырып эле жүрөт бизди. Инвалид кылып таштады, эмне кылалы, кетип калалыбы же тынчыйлыбы» десем: «Мен айткандай болот, жумушка киресиң»,-деп. Эми жумушта бул адам кыйнап таштады,-деген…

Саресеп: - Эмилбек Кимсановдун «Сураныч, шеф, жумушуңузда иштебей эле коё берейин. Балдарыңыз аттырып эле жүрөт бизди. Инвалид кылып таштады, эмне кылалы, кетип калалыбы же тынчыйлыбы» десем: «Мен айткандай болот, жумушка киресиң», деген сөздөрүнө ишенүүгө кажет жок. Кантип? Эмилбек Кимсанов өзү «шефи» улам жалдырап, «Эмил, мени таштап кетпечи, жумушта калчы» дегендей, Ош шаарында Эмилбек Кимсанов «жалгыз көздүү иш билги» бирден-бир гана жигит эмес да. Эмилбек Кимсановду Райымбек Матраимов «иште деп жалдырагандай», ал өзгөчө мээлүү адамбы же Райымбек Матраимов бажы тармагынын башчысыбы? Баш мээни чарчатып эмес, мындай эле ойлонуп айтканда Матраимовдун кызматтан кеткенине үч жылга чукулдап калды, эч жерде иштебейт. Эмилбек Кимсанбаевдин кызматтан кеткенине бир жыл болгон.

Эмилбек Кимсанов: - "Билимдүү, акылдуу адамдарды албайт. Бүт подхалимдерди жанына топтоп алган, анан болсо минтип кечээ Камчы Көлбаевдин балдарын жөнөтүшүптүр. Келип, менин аялдарымды сөгүп кетишти. Эмне кылышты билбей жатам» - деген.

Саресеп: - Эмилбек Кимсанов Матраимовду «Билимдүү, акылдуу адамдарды албайт»,-деген ошондо калкы жагынан республика боюнча алдыда турган Ош шаарында Эмилбек Кимсанов эле билимдүү, кыйынбы? Камчы Көлбаевдин балдары «аялдарды» барып сөккүдөй, бул нерсе оюнчук эмес, алар катардагы «келесоолор» эмес. Же «каралар» кимдир бирөөлөрдү коркутканы келип, «сөгүп, сөгүп» кетип калыптыр,-деп уктуңар беле?! Жыйынтыктап айтканда, тасмада Кимсанов өзүн өтө акылдуу, ыймандуу, оор басырыктуу байкуш көрсөткөн. Жок! Кимсанов чынында андай эмес! Ал өтө ачуулуу «байлыгына көпкөн», чиренген, адамды адам ордуна көрбөгөн, канчалаган жаш жигиттерди сындырып, топтой кылып тоголото тепкен жигит болгон. (Жакында Эмилбек Кимсановдун дагы былыктарын ачыкка чыгарабыз)

Албетте, 2 күндөн бери талкуу болгон «буюртма» тасма «чылык-чылык» кыргызчылык гана болуп жатканы байкалып турат. Тартылган «чолок» тасма Матраимовду эптеп кыргыз элине «бөкөчө» көрсөтүп, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын гана көздөгөн, «бышпаган», «Маша и медведь» мультфильминдей эле күлкүлүү, «жарыбаган» тасма болуп калган, ошондой эле ал тасмага кимдир бирөөлөр ишениши да мүмкүн.

Ал эми тасмадан Эмилбек Кимсановду КОЛДОП эмес, БУЮРТМА менен тартып жатканын көрүүгө болот. Карасаңыз, тасмада Эмилбек Кимсанов өзүн өтө бош таштап, эки колу шалдырап аласынан колунан албай турганы байкалууда. Эгерде Кимсанов телефонун кармабай сүйлөй бергенде аны көпчүлүк «майып болуп, эки колу иштебей калыптыр", деп ойломок. Эмилбек Кимсановдун эски тасмага болгон саресеп мына ушундай, окурман. Кызыктар алдыда. Эмилбек Кимсановду тасмага ким тарткан деп ойлойсуз? Ал маалыматты дагы сиздерге жарыя кылганга аракет кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости