www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандык социалдык түйүн колдонуучулары өлкө бийлигин казак тектүү орусиялык куудул Азамат Мусагалиевдин Астана жана Алматы шаарларында өтө турган концерттерине тыюу салууга чакырууда.
Алар буга себеп катары Мусагалиевдин Орусия оккупациялап алган Украинанын Донецк облусунда концерт бергенин айтып жатышат.
Мусагалиевдин жана ал жетектеген "Камызяки" КВН командасынын концерттери Астана жана Алматы шаарларында октябрдын башында өтөт деп пландалууда.
8-сентябрда өткөн Донецк облусундагы концерттен кийин Мусагалиевди украин бийлиги "орус-фашисттик басмачыларга жана террорчуларга көмөктөшкөн" деген тизмеге киргизген.
Буга чейин Казакстанда коомдун талабы менен согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.
Булак: NazarNews.kg