www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен алууну Мамлекеттик комиссия чечти. Бул туурасында казак басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, 13-августта "5-июлдан тарта киргизилген чектөөлөр кырдаалды турукташтырууга жардам берди жана медициналык мекемелерде бейтаптардын санын азайтты" деп комиссиянын чечими негиздеген.
Ошондой эле, “күнүмдүк коронавируска чалдыгуу төрт пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөдү”. Айыккандардын саны да 76% түздү.
Азырынча барлар, кинотеатрлар, музейлер, бассейндер, аквапарктар, диний мекемелер жабык бойдон калууда. Массалык иш-чараларга, форумдарды, көргөзмөлөрдү уюштурууга, шаар аралык каттамга тыюу салынат.
Өлкөдө 17-августтан тарта соода түйүндөрү, базарлар, чачтарач, сулуулук салондору, фитнес-борборлор, билим берүү борборлору, топто 15 баладан ашпаган бала бакчалар, ачык абадагы аттракциондор иштесе болот.
Белгилей кетсек, Казакстанда 117 104 адам коронавируска кабылган. 1 433 адам илдеттен көз жумган. Булак: NazarNews.kg