www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сентябрь айынан баштап Россия жакынкы чет өлкөлөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу авиабайланыштарды жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Туристтик операторлор ассоциациясынын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта авиакомпаниялар КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Арменияга туруктуу каттамдарды учура баштайт.
Россияда коронавирус боюнча абал турукташкандыктан аталган багыттарга аба каттамдары жанданарын адистер белгилешет.
Ошондой эле, сентябрда өлкөдө COVID-19га каршы вакцинаны өндүрүүнү пландап жатат. Эпидемиологиялык абал КМШ мамлекеттеринде да жакшырууда. Анын үстүнө алар россиялык вакцинаны алууга ниеттенип жатышат. Бул да Россия менен алардын ортосундагы гуманитардык жана иш байланышын калыптандырууга өбөлгө болот.
"Россияда бул боюнча өкмөттүн деңгээлинде 20-августтан кийин айтышат", — деп белгиленет маалыматта.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн авиакомпаниялары КРга аба байланыштарды жандантууну сунуштаган. 7-августтан тарта Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен туруктуу аба каттамдарын жанданткан. Каттамдарды Turkish Airlines, Fly Dubai, Avia Traffic Company жана Pegasus Airlines авиакомпаниялары жүргүзүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg