www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулап, өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Июль айынын аягындагы маалымат боюнча, өлкөдө 238,5 миң гектардан дан өсүмдүктөрү жыйналып бүттү (буга буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок). Бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 11,2 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 2019- жылдын ушул учуру менен салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 11 пайызга, буудай 7 пайызга, картошка 4,5 пайызга, мөмө-жемиштер 3,9 пайызга жана жашылча өсүмдүктөрү 2,2 пайызга көбүрөөк жыйналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости