www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-мартта Конституциялык реформа боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Tengrinews.kz Акордого шилтеме берип билдирди.
Күн мурун Конституциялык комиссиянын мүчөлөрү президентке өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча ишинин жыйынтыктарын көрсөтүштү. Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы Конституциянын жоболору Казакстандын институционалдык пайдубалын өзгөртүү процессинин аяктаганын жана таптакыр жаңы конституциялык моделге өтүүнү белгилейт.
Президент ошондой эле жаңы Негизги мыйзамдын долбоору учурдагы социалдык баалуулуктарды жана мамлекеттик саясаттын принциптерин чагылдырып гана тим болбостон, Казакстандын андан ары прогрессивдүү өнүгүшү үчүн узак мөөнөттүү пайдубал түзөрүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Токаев Казакстан супер президенттик башкаруу формасынан баш тартканын жарыялаганы кабарланган. ЖМКлар жазгандай, реформалардын жүрүшүндө негизги мыйзамдын бир катар беренесине өзгөртүү киргизүү пландаштырылып жатат.