www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарында вируска кабылгандардын жалпы саны алтыга жетти.

Казакстанда коронавирус тууралуу биринчи окуя кечээ, 13-мартта билинген. Ошол күнү эле вирус жуктурган төрт адам тууралуу ачыкталган. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген эле.
Ал эми бүгүн, 14-мартта дагы 2 учур катталды. Алардын бинринчиси Алматыда жашаган 62 жаштагы ишкер, шаарга 10-март күнү Москвадан учуп келген. Экинчиси Нур-Султандагы аял Варшавадан келгени белгилүү болду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 145 миң 360 адам жабыркап жатса, каза болгондор 5 миң 416га жетти. Ал эми айыккандардын саны 70 миң 296 адамды түзөт.

Италияда жуктуруп алгандар - 17 660, каза болгондор - 1 266, сакайгандар-1439. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости