www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып валюта рыногундагы каатчылыктан улам өкмөткө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңеш Тайлаковго азык-түлүктөргө болгон бааларды туруктуу кармоо боюнча бир катар иш аракеттерди сунуштады.

Айтсак, Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болгондон улам, Кыргызстанга товар экспорттогон өлкөлөрдөгү баа саясатын дагы анализдеп, мониторинг жүргүзүп, маалымат алып туруусу керек дейт Мавлянова.

-Ал жактагы баалардын өзгөрүүсүнө салыштырмалуу Кыргызстандагы баа кандай өзгөрдү, ортодо баалар негизсиз көтөрүлүп кеткен жокпу? Мына ушул багытта иштер аткарылышы керек”, - дейт эл өкүлү Махабат Мавлянова.

Ошол эле убакта техникалык, финансылык жактан, штаттык көлөм боюнча агенттиктин ресурстары жетиштүүбү? Бул дагы суроону жарата турган маселе экендигин кошумчалайт депутат.

Өз учурунда Кеңеш Тайлаков учурда Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги чет элдик кесиптештери менен тыгыз байланышта экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости