www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казак бийлиги коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдын сөөгүн союуга жана жакындарына берүүгө тыюу салды. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
-- Маркумдун жакындары анын сөөгүнө үч метрден бери жакын жолобошу керек;
-- Эң жакын туугандары катышуусу зарыл;
-- Маркум менен коштошууга бир сааттай гана убакыт берилет;
-- Диний жөрөлгөлөрдү бир гана дин кызматкери жүргүзөт.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Казакстанда коронавирустан үч бейтап көз жумду.
Ал эми ооруну 369 адам жуктуруп, 27 киши айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин Шымкент шаарында коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында аэропорт, темир жол, вокзалдар, бала бакчалар жана коомдук жайлар убактылуу жабылган. Коронавируска байланыштуу Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаары да карантинге алынган.
Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 850 302 адам жуктуруп, 41658 киши көз жумду. Ал эми оорудан 176 545 бейтап сакайган.
Булак: NazarNews.kg