www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-мартта БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш видео-онлайн жыйынында журналистерге COVID-19 пандемиясын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки адамзат үчүн эң жаман кризис деп атады.

Анын айтымында, эгер дүйнө пандемиядан арылууну кааласа, анда биз тезирээк иш алып барып, дагы көп иштерди жасашыбыз керек деп билдирди.
"Дүйнө болуп көрбөгөндөй сыноо алдында турат. Эми чындыктын учуру келди". COVID-19 бүтүндөй адамзат үчүн коркунуч болуп саналат, ошондой эле дүйнө коронавирустан улам келип чыкан кризис туруксуздукту күчөтүп, чыр-чатактардын күч алышына алып келиши мүмкүн", -деп билдирди.
Ошондой эле Гутерриш дүйнө өлкөлөрүн тилектештикке жана координациялоого чакырды.
Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 850 302 адам жуктуруп, 41658 киши көз жумду. Ал эми оорудан 176 545 бейтап сакайган.
Булак: NazarNews.kg