www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрлик кызматка Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун көрсөтүлгөн талапкерлигин жыйынга катышкан 91 депутат бир добуштан колдоду. Эки талапкер тең бул мамлекеттик кызматты аркалап кетүүгө дарамети жетерин айтып, кыйын кырдаалды жөнгө салууга бардык аракетин жумшоого убада берди.
Парламент жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын талапкерлигин жактырды. Буга чейин аталган кызмат ордун Алтынай Өмүрбекова аркалап келген.
Ал эми Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлиги колдоо тапты. Аталган кызматта буга чейин Чолпонбек Космосбаев иштеген.
Талапкерлерди талкуулоо учурунда бир катар сунуш-пикирлер айтылып, өзгөчө абал маалында бардык тармактарда кырдаалды жөнгө салууга багытталган алгылыктуу иштер аткарылышы керектиги белгиленди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети аталган талапкерлерди колдоо тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык талкуу соңунда Жогорку Кеңештин да атайын токтому кабыл алынды.
Төрага Дастанбек Жумабеков Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримовдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, жалпы элдин саламаттыгы үчүн илдетке каршы тынымсыз күрөшүүгө үндөдү.
Булак: NazarNews.kg