www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 27ге жетти. Бул тууралуу казак маалымат булактары өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун айтканына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өпкөнү сезгенткен жаңы вирус Казакстанды кучагына алып, 4 күндүн ичинде эле бул илдетке чалдыккандардын саны 27ге жетти.  

“Бүгүн эртең менен Алматыдагы жаңы бейтаптар тууралуу маалымат бергенбиз. Эми Нур-Султандан вирус жуктуруп алган 14 адам катталды. Бейтаптар карантинге алынган болчу, ошол жактан диагноз коюлду. Учурда алардын бардыгын изоляциялоо иши аткарылып жатат”, — деди Биртанов.

Эске сала кетсек бүгүн, 17-мартта эртең менен Казакстанда вируска кабылгандардын саны 13 болчу. Эми ооругандардын жалпы саны тез эле 27ге жетти. Алардын 16сы Нур-Султанда болсо, 11и Алматыда. Кийинки 14 адам коронавирусту кайдан жуктуруп алганы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости