www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын бардык аймактарында Коронавируска байланыштуу 17-марттан тартып адамдардын кыймыл-аракети жарым айга чектелди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон элине кайрылуусунда зарыл иш болбосо үйдөн чыкпоого, мүмкүнчүлүк болсо үйдөн иштөөгө, туугандар же достор менен жолукпай турууга, азык-түлүк алып атканда бир метрден кем эмес аралыкты сактоого чакырды.

“Жагдай ушундай кылууга милдеттендирип жатат. Биз согуштабыз. Саламаттык үчүн согуштабыз, албетте. Эч бир армия же өзүбүздүн эл менен күрөшүп аткан жокпуз. Бирок көрүнбөгөн, колго илинбеген душман ушул жерде, бастырып кирүүдө. Бул бизден жалпы мобилизацияны талап кылууда”, - деп Макрон өз кайрылуусунда билдирген.

Мындан тышкары, Францияда муниципалдык шайлоонун экинчи айлампасы жылдырылды.

Ошондой эле, ишкердик менен алектенгендер үчүн социалдык төлөм жана салыкты төлөө кийинкиге калтырылат.

“Бир да компанияны банкроттук коркунучуна жеткирбейбиз”, - деп кошумчалады француз лидери.

Акыркы маалыматтар боюнча, Францияда жаңы коронавирус – COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 6600дөн ашты. Алардын 148и көз жумду. 12 киши айыгып чыкканы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости