www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошум экөөбүз бир мектепте чогуу окуганбыз, мектепти бүткөнчө сүйлөшүп жүрдүк. Биздин убагыбызда тээ союз мезгилинде жогорку окуу жайга чанда гана жакшы окугандар өтчү. Экөөбүз бирге абитуриент болуп, ал кездеги Фрунзенин бульварларында нечен издерибиз калган. Андан соң, мен жогорку окуу жайына өтүп кеттим да, ал өтпөй калды. Армияга чакырылып кетип эки жыл Германияда кызмат өтөп келди. Андагы жазышкан каттарыбыз азыркыга чейин сакталуу. Экөөбүз тең "бири-бирибизден ажырабайбыз" дечүбүз. Арийне, келээри менен үйлөндүк. Анан ал да окууга өттү. Студенттик күндөрүбүздү кыйналсак да, эгиз козудай ээрчишип, сонун өткөрдүк. Ошол эле кезде балалуу болдук.

Кыскасы, баары ойдогудай очор-бачар үй-бүлө болуп, иштеп жашап жүрдүк. Убакыт өткөн сайын жолдошумдун мага мамилеси өзгөрө баштады. Эмнегедир ортодогу ысык мамилебиз өзгөрүп, салкындай түштү. Ал кезде ал райондо жакшы кызматка көтөрүлүп, машине минип жүрчү эле. Башка кыз-келиндер менен мамиле түзүп жүрөт го, деп шекшинип жүрдүм. Бирок, эч кандай шек билинбейт. Бир күнү үйгө түнөбөй калды. Эртеси ортобузда чыр болду. Ал мага ачылып эч нерсе айтпай эле, кайпактап кутулгусу келди.

- Сен соо эмессиң, ушул кезге чейин үйгө түнөбөй калчу эмессиң. Кимди сүйүп калдың?! Мен катууладым. Акырында ал:

- Эгер чынымды айтсам деле сен ишенбейсиң, - деди.

- Ал ким, ачыгын айтчы, жаш да, менден сулуу, кучагы ысык бекен? - Ооба... Ого бетер туталана баштадым.

- Сен аны менен бирге болдуң да ээ?

- Кеп ошондо болуп жатпайбы.

- Ал ким? Мен тааныймынбы?

- Жок, сен аны тааныбайсың, ишенесиңби деги адам экенинде шегим бар... Анан төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Түнкү саат Илерде участокторду кыдырып, үйгө келаткам. Ээн талаадан бир кыз тосту. Токтобоюн десем жалгыз экен эч нерсе оюмда жок. Бир нерсе болуп, көч жолдо калган го деп токтоп салып алдым.

- Бу жерде кеч эмне кылып жүрөсүз? Кайсы айылга барасыз?

- Кийинки айылга. Анан сүйлөшүп кеттик дароо эле. Мени жактырып калганын айтты. Аппак, назик шадылуу манжалары менен менин санымды сыйпалап келип, белиме өттү.

- Сизди бир көрүп эле жактырып калдым...

- Сендей периштедей болгон карындаштарым бар. Каяктансың, биз жактык эмессиң го?

Ал кыз жооп бергиси келбегендей мени сыйпалай берди. Эки колум рулда. Аңгыча кийинки айылга кирип келдик. Мен машинаны токтоттум.

- Эркекти сүйүп көргөн эмесмин байке, сизге көңүлүм ушунча түштү... Ал эңкейип менин бетиме эрдин тийгизди. Өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Бир башкача жыпар жыт мени мас кылып, аны менен өбүшүп аттым. Кызык, качан көзүмдү ачканда айыл эмей эле мүрзөлөрдүн арасында машинамда жылаңач жатыптырмын. Күйөөмдүн мурунку сөздөрүнө ынанбай турсам да, акыркы сөзүнө жүрөгүм болк дей түштү.

- Кантип, сен аны менен жатыптырсыңбы? - дедим чыдамым кетип.

- Жок, кыз жок экен. Мен катуу уктап калыптырмын. Азгырыкпы билбейм. Кийинип, машинамды айдап кеткиче калтырап коркуп калдым. Ал токтоно албай жаш балача ыйлап жиберди.

- Кечир Айна, мен эмне болгонумду өзүм да билбейм. Көрүмчүбү, шайтанбы? Ага ишендим. Чамынып аткан демим сууп, күйөөмдүн үстүнө үйрүлө калдым. Күндөр өтө берди. Ошол жылы ал райондогу бир мекемеге жакшы кызматка көтөрүлдү. Ишибиз оңолуп баратты. Арадан бир топ мезгил өтүп дагы бир күнү күйөөм келбей калды.Үйгө дайым машина менен жүргөн неме бирдеме болду го деп баягы окуя эсиме түшүп, таң атырдым.

(Уландысы бар)

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости