www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш-Казакстан облустук экология департаменти «Урал Ойл энд Газ» компаниясына Кирсанов коругунун аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин башчысы Ербол Куанов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коомдук угуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар чалгындоо иштерин колдоп добуш беришкен.

— Биз уруксат бердик. Бирок өзгөчө кайтаруудагы аймакта мунай издөө иштери быйыл башталбайт, — деди Куанов.

Казакстанда Кирсанов коругунда чалгындоо иштерин баштоо пландалып жаткандыгы тууралуу былтыр күзүндө айтыла баштаган. Жаңы жылга чейин корукка баруу үчүн жол төшөлүп, көпүрө курулган. Кирсанов коругу 1967-жылы түзүлгөн. Анда аймакта сейрек кездешүүчү жаныбарлар байырлайт, деп билдирди Борбордук Азия жаңылыктары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости