www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултандын Facebook социалдык баракчасындагы билдирүү жасаган.  Анын резонанс жараткан билдирүүсү белгилүү бир адамдардын таасиринен улам эле жазылганын аталган өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Даурен Абаевге таянып, РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Айсултан Назарбаев 13-февраль күнү Facebook баракчасына Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап билдирүү жазган. Ал өлкө жетекчилигин коррупцияга күнөөлөп, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын билдирген.

"Баңгизаттан дарыланып жаткан адамдын айткандарын талкуулаган этикага жатпайт деп эсептейм. Азыркы учурда анын билдирүүлөрү эмес, ден соолугу кооптондурат. Силер айтып жаткан посттор белгилүү бир адамдардын таасири алдында жазылган деп так кесе айта алам”, — деп Назарбаевдин бул жазгандары боюнча министри Абаев “Хабар” телеканалынын “Ачык диалог” программасына маек берип жатып айтты.

Ошондой эле,  Айсултандын атын жана анын азыркы абалын пайдаланган адамдар бар экенин белгилеген.

“Ачыгын айтканда, Айсултан көптөн бери баңгизаттын таасири алдында жүргөн”, — деди Абаев.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости