www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Жанна Пралиева 25-майдан тартып кошумча карантиндик чаралар киргизилерин билдирди. Бул тууралуу казак басылмалар жазып чыкты.

Анын айтымында, эки же андан көп киши чогулган жерде беткап тагынуу эрежеси сакталат. Ошол эле маалда жашоочуларга ээн-эркин үйдөн чыгууга – парктарда сейилдөөгө, дачага барууга уруксат берилет.

Коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспорттордо беткап тагынуу, кол кап кийүү жана антисептикалык каражаттарды колдонуу талаптарын аткаруу зарыл.

Башкы дарыгердин маалыматына караганда, 25-майдан тартып борбор калаада бизнес адаттагы иш графигине өтөт. Мончо жана сауналар иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө, дем алыш күндөрү 9.00дан 21.00гө чейин гана иштейт.

Нур-Султанда той-аштарды өткөрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат.

Кафе жана ресторандарда, мечит, чиркөө жана башка диний жайларда кишилердин саны 50дөн ашпоого тийиш.

Жамааттык иш-чараларды, бүтүрүү кечелерин, акыркы конгуроо өткөрүүгө мурдагыдай эле чектөө киргизилген. Түнкү клубдар, укалоо жайлары жана СПА-салондор, спорттук комплекстер жана бала бакчалар азырынча иштебейт.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 8322 кишиге жетти. Соңку бир суткада 403 кишиден вирус табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости