www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаев коронавируска каршы текшерүүдөн өтүүсү талапка ылайык эмес. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевде оорунун белгилери жок жана ага анализ тапшыруу зарыл эмес.

"Азыркы тапта Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы өтө төмөн, кыймылдын координациясы да начар. Бирок, азырынча аны текшере турган дарыгерлер чакырылган жок. Мен бул тууралуу бир нече жолу сурангам. Саламаттыкты сактоо министрлиги корутунду берсин, эгерде Алмазбек Атамбаев ооруп жатса, анда эмне үчүн текшерилүүдөн баш тартмак эле? Бирок чынында ага коронавируска каршы тест тапшыруу зарыл эмес " - деди Сергей Слесарев.

Белгилей кетсек, 22-май күнү Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлаган. Бул тууралуу анын уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан эле.

Аталган окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык жана ден соолугуна эч кандай арыздануулар жок экенин маалымдаган.

Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айып тагылып, териштирүүлөр жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости