www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-майда, мусулмандар Айт майрамын майрамдап жаткан учурда кыргыз-тажик чек арасында түшкө жуук жаңжал чыгып, ал ок атуу менен коштолгон.

Чатак тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча Чек ара күчтөрү өз ЖМКларына билдирүү тараткан. Ага ылайык кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткендиктен, кайым айтышуу болуп кеткен.

“Буга чейинки макулдашууларга карабай, 2020-жылдын 24-май күнү саат 10:30 чамасында кыргыз малчылары тажик тарапка өтүп кеткен. Алар Тажикстандын чек арасына кирип, тажик тургундар менен кайым айтышкан. Тажикстандын Пули Офтобруй айылынын тургундары Кыргыз Республикасынын мыйзамсыз иш-аракеттерине нараазы болуп, аларды айылдан чыгып кетүүсүн талап кылган”, - деп тажик тараптын чек ара кызматы билдирген.
Тажик тараптын айтымында, кыргыз тарап эки тараптуу макулдашууну сактоонун ордуна окуя болгон жерге кошумча чек ара күчтөрүн чакырган. "Алар Пули Офтобруй айылынын курал-жараксыз жарандарына ок чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

Анын натыйжасында, Тажикстан тарап — Улуттук коопсуздук боюнча комитетинен чатактан 19 жаштагы катардагы жоокер жарадар болгондугун айтты.

"Кыргызстандык чек арачылардын огу 2001-жылы туулган Давлатёр Зоировдун бутуна тийген", — деп айтылат маалыматта. Жоокердин абалы туурасында так маалымат айтыла элек.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы: "Тажик тараптан белгисиз кишилер кыргызстандык чек арачыларды көздөй ок чыгарган. Болжол менен 11:40тарда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кыска убакытка атышуу болуп кеткен", — деп билдирген.

Кыргызстандык чек арачылардын арасынан ок жегендер жок.

Эске салсак, Тажикстан менен Кыргызстандын чектешкен чек арасынын узундугу жалпы 970 чакырымды түзөт. Алардын ичинен 519 чакырымы макулдашылды, калганы талаштуу жер болуп саналат. Тактала элек жерлер негизинен Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен жерлеринде жайгашкан (Бобожон Гафуровский жана Исфара райондору). Аталган аймактарда суу, жайыт жана жер талаш-тартыштары көп кездешип, көбүнчө кан төгүү менен да коштолот. Чек араны бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарда Тажикстан менен Кыргызстан Совет мезгилиндеги ар кайсы жылдардагы карталарды колдонушат.

Такталбаган аймактын чоңдугун- 451 чакырым экенин эске алганда эки элдин ортосундагы жаңжалдар токтошу күмөн жаратат. Ар кайсы учурларда чек ара аймагына өзгөчө макам берүү ж.б.у.с. маселелер кез-кезде, айрыкча чыр чыккан учурда көтөрүлгөнү менен андан майнап чыкпай келет. Чек арада жашаган мекендештерибиз оор шарттарда, кыргыз жерин коргоп, ээлеп жашаарын эске алып, үй куруп берүү жана башка жеңилдиктерди кароо зарылдыгы курч бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости