www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин департаменти Орусиянын президенти Владимир Путинди “биздин” президент деп атаган Түндүк Казакстан облусунан келген эки кызды текшерип жатат, деп жазат КазТАГ.
Социалдык тармактарда жашы 18ге чыга элек, Петропавловск шаарында жашайбыз деген эки кыздын видеосу пайда болду. Алар Петропавловск түпкүлүгүндө Орусиянын жери экенин айтышып, шайлоо тууралуу, кыздар кимге добуш берет деген суроого Токаев үчүн эмес, Путин үчүн деп жооп беришти.
Ошондой эле кыздардын айтымында, алардын казакстандык достору Орусия тарапта Украинага каршы согушууда.
«Бул маалымат Улуттук коопсуздук комитетинин департаментине жөнөтүлдү», - деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгы.
Булак: NazarNews.kg