www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Петербург шаарында кечээ күнү КМШнын бейформал саммити болуп өттү, ал Путиндин 70 жылдык юбилейине арналган жана андан эки күн мурда, 5-октябрда, тажик президенти Рахмон дагы 70ке чыккан. Ошондуктан бийик жолугушууда ал Орусиянын «Мекен алдындагы эмгеги үчүн» деген орден менен сыйланды. Расми билдирүүдө – Рахмон региондогу стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн сыйланды деп айтылат.
Ордендин статутунда – аны менен Орусиянын мамлекеттүүлүгүн бекемдегендер сыйланат деп айтылат. Албетте, ооган тараптан Орусияга жаралган коркунучту Тажикстан кандайдыр бир ченемде тосуп турат жана андай аракеттери менен Орусиянын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп жатат десе болот.
Бирок акыркы бир жарым жылдын ичинде Тажикстан кошуна Кыргызстанга эки жолу куралдуу кол салуу жасады, андай аракеттерден региондогу стабилдүүлүк менен коопсуздук күчөп кеткен жок. Анткен менен, кадимки эле согушту «атайын операция» деп, же жапырт аскерге чакырууну «чектелген мобилизация» деп жаткан бийликтен башка эмнени күтүш керек эле...