www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Караганды облусунда кыргыздар: “Биз жүздөргө кошулбайбыз. Казак болуп кеткен кыргызбыз. Эч жактан көчүп келген эмеспиз. Эч жакка көчүп барган эмеспиз. Туулуп, түшкөн жерибиз ушул жер, ата-бабабыз ушул жерди жердеген. Биз кыргызбыз" дейт экен. Караганды облусунун акими (губернатор) да, район акими да кыргыз экен. Булар каяктан барган кыргыздар?
Тагдырдын оор жазмыштарында кыргыздар ар кандай оор кырдаалдарга туш болгон. «Казак кайың саап, кыргыз Ысарга кеткен» жунгар жапырыгы учурунда кыргыз менен казак биргелешип баскынчыларга каршы күрөшкөн. Он сегизинчи кылымдын аягында кытайлык армия Жунгариядагы калмактарды талкалаган соң, кыргыз жана казак жергесинде калган калмактарга каршы эки эл биргелешип күрөшүп, өз туулган жерине кайтарган.
Жөжө-акын отуз казактын мыктысы менен айтышып жеңип кетет. Ошондо жеңилип калган казактар “ушунчабыз жүрүп, бир кыргыздан жеңилип калдык”, – деген экен. Айтылуу Жөжө Жайыл кыргыны учурунда казактарга колго түшүп, зордук менен көчүрүлүп кеткен солтолордун тукумунан. Жайыл кыргынында туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат менен азыркыга чейин Казакстанда турат.
Жөжөнүн атасы Каржабай Талас өрөөнүндөгү саруу уруусунан. Каржабай Абылай-хандын учурунда чүйлүк кыргыздарга жасаган чабуулундан кийин казактарга колго түшүп кеткен. Жөжө ошол казак жеринде туулуп, ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган. Эр жеткенче башынан көп кыйынчылыктарды кечирип, көп кордук көргөн.
Түбү кыргыз Жөжө өз мезгилиндеги акындардын алды болуп, казактын отуз акыны менен айтышып, баарын жеңген. Казак-кыргыз элиндеги айтыш өнөрүнүн албаны болгон. Жөжө-акын кыргыз элин, жерин сагынып, кыргыз жерине келген. Бирок тууган-туушкандарына келип учурашып, ырдап жүргөндө, аны түшүнүп, жардам берген адам чыкпаган. Ошондуктан, Жөжө казак жерине кайтып кетип, ошол жакта каза болгон.
Калмактардан өз жерин алган соң кыргыз жерине көз арткан казактардын Сан Барак, Бердикожо, Канкожо төрөлөрү жана Абылай-хан бир нече ирет жортуул уюштурат.1780-жылы Чүй аймагында болуп өткөн кандуу окуя. Абылай-хандын бир нече жолку жортуулдарынан кийин солтодон Кебек-бий, сарыбагыштан Эсенкул-баатыр, саяктан Качыке-баатырлар кеңешип, Түлөбердини элчи кылып, казактар менен тынч турууга макулдашкан.
Бирок ал макулдашууга карабай, солтодон Жайыл-баатыр казактарды бир нече жолу чаап, ошондой жортуулдардын биринде Абылай-хандын жакын адамы каза болот. Тууганынын өчүн алуу үчүн Абылай-хан катуу чабуул жасаган. Бул чабуулда Талас менен Чүй өрөөнү тарапты чаап, бейкам жаткан саруу-солтолор катуу жабыр тарткан. Бул уруулар Талас суусунун жээгиндеги урушта курчоодо калып, Жайыл, анын уулдары Үсөн менен Теке сыяктуу белгилүү баатырлар колго түшүп, өлүм жазасына тартылган. Саруу урууларынан көп адам кырылган.
Жөжөнүн кабыры Караганды облусунун Актогай деген ооданында. Жөжө Көкчө-тоодогу кыргыздарга келип, кете албай 85 жашында дүйнө салат. Акындын көзү өткөндө Ракым-аксакал: “Мынабу жерде каны кыргыз, жаны кыргыз, саруу, саруу ичинде кашка тамга уруусунан чыккан Жөжө деген акын каза болду, сөөгү ушул жерге коюлуп жатат. Сен билип бирөөгө айт, ал да бирөөгө айтсын. Жайы билинбей калбасын!” деп эскерткен экен.
Ал жерде Абылай-Жарташ деген жер бар. Кыргыз-казакты чапкан кадимки Абылай-кан ошол жерден бир конуш алып, Балхаштын боюнда өргөө көтөртүптүр. Жөжөнүн кабыры ошол жерде экен. Акынга 1956-жылы ылайдан күмбөз тургузушуптур. Бооруна жыгач кагып, "Жөжө акын" деп араб тамгасында жазып коюптур. Туулган-өлгөн жылынан башка “Уругу кыргыз” деп да жазып коюшканын көрдүм.
Жөжө акынга убагында академик Маргулан кызыккан. Чокан Валиханов 1864-жылы казактан чыккан мыкты 17 акынды тандап, Омбуга чакыртыптыр. Омбуда он беш күн жаткан жерин дайындап, тамак-ашын берип, анан ушу белгилүү акындарды айтыштырыптыр. Ошол айтышта Жөжө акынга бирөө да тең келе алган эмес экен. Аны Чокан Валиханов жазып калтырып кетиптир, энциклопедияда да жүрөт.
Жөжө акынга Мухтар Ауэзов, академиктер Сатпаев, Маргуландар кызыгышкан. Жөжө акын жалаң эле айтыш өнөрүнүн мыктысы эмес, обончу да болгон, гармошка тартчу экен. Обон чыгарыптыр, анан да акындын ашыктык ырлары аябай көп. Улуу акын убагында бир сулуу кызга ашык болуп, туугандары алып бермей болгондо өзү баш тартып коюптур. Жөжө Кыргызстанда туулуп-өспөгөндөн кийин, ырлары Казакстанга жайылып, тетиги Сары-Арка жакта тараган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg