www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Абай облусундагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө "Казакстан Халкына" фондунун эсебинен 7 миллион теңге (1 млн 368 миң), ошондой эле ар бир жашы жете бала үчүн 2 миллион теңге (390 миң) төлөнөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары билдирет.

Маалым болгондой, жогорудагы жардамдан сырткары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө фонд түзүлдү. 

"Казакстандын 40тан ашык университеттери өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студенттерине грант жана жатаканадан орун берүүгө даяр. Ошол эле учурда акы төлөнүүчү негизде окуган студенттер жана магистранттар үчүн грантка которуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстандагы токой өрттү 8-июнда башталган. Өрттү өчүрүүгө 1530 адам, 320 техника, анын 14ү тик учак тартылган. Өрттүн кесепетинен 14 өрт өчүрүүчү кызмат учурунда каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости