www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө төрт күндүк жумуш жумасы киргизиле турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Норма 1-июлдан тартып республиканын Эмгек кодексинде пайда болот. Жаңы тартип айрым тармактарга таасирин тийгизет. Төрт күндүк иш жумасын беш жана алты күн кылып кезеги менен алмаштырса болоору белгиленген. Каалаган графикте жекшемби жалпы дем алыш күнү болуп саналат, ал эми кошумча күндөр жамааттык келишимде же эмгек тартибинде белгиленет.

Буга чейин Казакстандын Эмгек кодексинде толук эмес жумуш жумасы да каралган, анын мөөнөтүн тараптар өздөрү аныкташкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости